Матраимов өлкө жетекчилерине кол салууга киши жалдаганбы?

 

Матраимов өлкө жетекчилерине кол салууга киши жалдаганбы?

Кыргызстандын УКМКсынын ыкчам маалыматына ылайык, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов учурда Азербайжандын борбору Баку шаарында. 

УКМКнын маалыматына ылайык, аны кармоо жана экстрадициялоо боюнча Азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда Азербайжандын коопсуздук кызматы аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатат. 

Ошол эле учурда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстандын жетекчилигине кол салуу аракетин көрүп жаткан азербайжандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кыргызстанда кармалган. УКМК билдиргендей, Райымбек Матраимовдун алар менен байланышы бар экендиги аныкталган.

Эске сала кетсек, КР УКМК кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: Алиев В.М., Багиров С.А., Асгаров М.О., Бехбудов М.С. Ал эми Мамедов З.И. кармалган.

16:21, 23-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар