Кыргызстанда 26-марттан тарта сим-картаны сатып алууда өз атына каттатууга милдеттүү болот
Ушул жылдын 26-мартынан тарта кыргызстандыктар сим-картаны сатып алууда аны интернет аркылуу өз атына каттатууга милдеттүү болот. Муну мобилдик оператордун тиркемесинде өз алдынча жасоого болот. Каттатуу үчүн сизге паспорт гана керек болот.
2024-жылдын 1-апрелинен тартып сатып алынган SIM-картаны каттоодон өткөрбөсө, абонент чектелген кызматтарга гана ээ болот. Абонент онлайн каттоодон өткөндөн кийин кызматтарга толук мүмкүнчүлүк алат.
Бийлик мындай чаралар жеке маалыматтардын коопсуздугу үчүн зарыл деп эсептейт, анткени бүгүнкү күндө электрондук капчыктар, банктык тиркемелер, социалдык тармактардагы эсептер жана башкалар SIM-карталарга байланышканы белгилүү.