227 баш мал чыгым болду. Ысык- Көлдө чагылгандан кырылган койлор көмүлдү
227 баш мал чыгым болду. Ысык-Көлдө чагылгандан кырылган койлор көмүлдү
ӨКМдин маалыматына караганда, Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкери, Тоң районунун Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте Жазы-Кечүү жайлоосуна түшкөн чагылгандын кесепеттерин тактоо иштери жүргүзүлдү.
"Анда комиссия тарабынан чагылгандын кесепетинен 149 баш кой, 71 баш козу жана 7 эчки болуп жалпы 227 баш мал чыгым болгондугу такталып, ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү.
Чагылгандын кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес",-дейт ӨКМ.