УКМКнын кызматкерине 100 миң сом пара берип жаткан аял кармалды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Ш. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Б.Ш. коопсуздук комитетинин кызматкерине 100 миң сом пара берип жаткан учурда колго түштү.

Ал айыл өкмөтү тендерди бузуп, 2,5 млн сомго автотранспорт сатып алуусуна байланыштуу текшерүүнү токтотууну суранган.

11:11, 08-12-2023

Комментарийлер

Жолдошбек
Ииии жаман болгон экен

Башка жаңылыктар