Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөн 3 жүргүнчү айыпка жыгылды
Бишкекте 27-февралда текшерүү учурунда үч автобус жүргүнчүсү жол кире төлөбөгөнү аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аларга Укук бузуулар кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнүн неизинде 1 миң сомдон, жалпы 3 миң сом айып салынган.
Мэрия мындай текшерүүлөр күне сайын өткөрүлүп турарын эскертет.