Кытай компаниясы Кыргызстанга шамал электр станциясын курат

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика тармагындагы инвестициялык келишимдерге кол коюлганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, келишимдер Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлгөн.

"Министрлер кабинети менен Кытайдын Shenzhen Energy Group Co., Ltd. компаниясынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВт болгон шамал электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо каралган”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, аталган компания менен кубаттуулугу 300 мегаваттык күн электр станциясын курууга багытталган дагы бир инвестициялык келишим түзүлгөн. Президенттик администрация бул документтер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүачып, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана республиканын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.

Эске салсак, кечээ 4-февралда Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Пекинге барган. Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө 20 документке коюлган.

09:46, 06-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар