Депутат Султанбай Айжигитов “Ыйман Нуру” фракциясынын катарынан чыгарылды

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча билдирүү жасаган депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу фракция лидери Динара Ашымова билдирди.

Фракциянын кезексиз жыйынында Айжигитовду “Ыйман Нурунан” чыгарууну Ашымова, Винера Раимбачаева, Эрнис Айдаралиев колдогон. Замир Мамасадыков калыс болуп, Айжигитовдун өзү каршы добуш берген. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Султанбай Айжигитов фракциядан чыгарылган.

Фракциядан чыгарылганы менен Айжигитов эркин депутат катары кала берет.

17:28, 05-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар