Орусия буудайды сыртка сатууга тыюу салуу чечимин чыгарды. Министрлик бул чечим Кыргызстанга таасир этпей турганын билдирди
Орусия 1-декабрдан тарта буудайды экспорттоого тыюу салат. Чечимди орус өкмөтү кабыл алды. Тыюу келерки жылдын 31-майына чейин күчүндө болот.
Айыл чарба министрлиги Россиянын буудайды экспорттоого салган тыюусу Кыргызстанга таасир этпей турганын билдирди.
Министрлик Россиянын өкмөтү нормативдик актылар порталына 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 31-майына чейин катуу буудайды экспорттоого тыюу салуу боюнча токтом долбоорун жарыялаганын билдирип, документ Кыргызстанга кандай таасир этерин түшүндүргөн.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан жылдын аягына чейин жетиштүү көлөмгө ээ болот. Россия Федерациясы тарабынан киргизилген экспортту чектөө чечими, алдын ала маалыматтар боюнча, үчүнчү өлкөлөргө тиешелүү. Башкача айтканда, кыргызстандыктар Орусиядан азык-түлүк буудай данынын жеткирилишин түшүнүшү керек. ЕАЭБ алкагындагы келишимдер боюнча Кыргызстанга келүү уланууда”, - деп баса белгилешти Айыл чарба министрлиги.