Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө 9 дрон тартылды

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө 104 адам, тогуз учкучсуз учуучу аппарат тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, издөөгө чыккандар 20 топко бөлүнүп иш алып барышат.

Эске салсак, Жумгал районунун Өрнөк айылынан ата-бала 16-октябрда жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болууда. Аларды издөөгө тиешелүү жабдыктар колдонулбай, иштер чабал болуп жатканын жакындары айтып чыккандан кийин президент Садыр Жапаров издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.

10:34, 30-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар