Москвада кыргызстандык жаран аялын бычактап өлтүрдү
Москвада Большая Черкизовскаяда Кыргызстандын жараны аялын бычактап өлтүрүп, андан соң анын курбу кызы кайненесин өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Тергөө комитети өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Шектүүнүн 1999-жылы туулгандыгы такталган.
Алдын ала тергөөнүн версиясы боюнча, 2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын жараны Москва шаарынын Большая Черкизовская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринде 2001-жылы туулган аялына күтүүсүздөн жеке кастык мамиле жасап, ага бир нече жолу бычак сайган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Андан соң шектүү жубайынын курбусуна жана апасына да бычак менен жарадар кылган. Андан кийин шектүү өзүнүн денесине да залал келтирген.
Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү кылмыш болгон жерди карап чыгып, бир катар экспертизалар дайындалган.
Шектүү ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Дарыгерлердин уруксатынан кийин ал борбор калаадагы Тергөө комитетинин бөлүмүнө жеткирилип, тергөөчүлөр аны тергей башташат.
"Киши өлтүрүү боюнча иш козголду, тергөөчүлөр иммиграция мыйзамдарынын сакталышын дагы текшеришет",- деп айтылат маалыматта.