Кыргызстан кулпунай менен малинанын экспортун көбөйттү
Кыргызстан коңшу Казакстан менен Орусияга мөмө-жемишти экспорттоо көлөмүн көбөйттү. Айтсак, акыркы 8 айда 4616,6 тонна кулпунай экспорттолгон. Бул өткөн жылга караганда 20,5% га көп, ал эми малина 1470 тонна эскпорттолуп, бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 36,4% га жогорку көрсөткүч.
Ошондой эле, 2024–жылдын январь–май айларында өлкөдөн 236 572 тонна, 10,9 миллион даана жана 1 134 м3 карантинге алынган продукция экспорттолуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товарлардын экспорту 28 280 тоннага, 7,2 миллион даанага жана 273 куб метрге көбөйгөн.