Чүйдө айдоочу бакты сүзүп ооруканага түштү
Чүйдө “Кашка-Суу — Бишкек” жолунда айдоочу бакты сүзүп ооруканага түштү. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсык 9-мартта болжол менен саат 19:00до болгон. “Тойота Хайландер” унаасыынын айдоочусу “Ала-Арча” жаратылыш паркы тараптан түндүктү көздөй баратып бакты сүзүп алган. Анын айынан 21 жаштагы айдоочу (А.Б.) ооруканага түшкөн.