Дөңгөлөгү кир унааларга айып пул салынууда

Бишкектин көчөлөрүн булгаган унааларга 23 миң 69 сомго айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Ал транспорттук каражаттар үч курулуш компанияга ("Дор Курулуш Групп" ЖЧКсы, "Ресурс курулуш компаниясы" ЖЧКсы, "Азат Строй Сервис" ЖЧКсына) таандык болуп чыкты.

“08 kg 135 ABR” мамлекеттик номурдагы бетон аралаштырган унаанын ээси И.В. га  айып  протоколу түзүлдү. Ал унаасынын дөңгөлөктөрүндөгү топуракты  тазалабастан айдап, көчөнү булганы үчүн 7500 сом төлөйт.

Мэрия шаардыктарды унаалардын дөңгөлөктөрүнүн тазалап жолго чыгууга чакырат.

 

12:47, 11-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар