Кыргыз курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунда Малайзия менен беттешет
Футбол: Бүгүн Кыргыз курама командасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунда Малайзия менен беттешет
Квалификациялык D тайпасынын 1-турунун алкагында Кыргызстандын курамасы конокто Малайзиянын курама командасы менен беттешет. Оюн Куала-Лумпурдагы “Букит Жалил” стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.
Бул тайпанын Маскаттагы дагы бир беттешинде Оман Кытайдын Тайбэй командасын кабыл алат. Тандоо турунун жыйынтыгы менен тайпадан эң мыкты эки команда тандоонун кийинки баскычына өтөт.