Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын тарапкерлери кармалды
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун "Иисус" каймана аты менен белгилүү активдүү мүчөсү жана анын эки тарапкери уурдоо, каракчылык, опузалап талап кылуу кылмыштарына шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, уюшкан топтун мүчөсү М.Б.М. жана тарапкерлери К.У. жана М.С.М. материалдык пайда табуу максатында узак убакыт бою айрым жеке ишкерлерди куугунтуктап, физикалык зомбулук көрсөтүп, коркутуп, опузалоо менен алектенишкен. Мындай жол менен ал аффилирленген жактарга жалпысынан баасы 170 миң доллар болгон мүлктү каттаган.
Учурда кармалган жарандар убактылуу тергөө абагына камалган. Алар уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деп айыпталышууда.