Бишкектин чет жакасында Ми-8 аскердик тик учагы кырсыкка учурады

Чүйдөгү «Фрунзе-1» авиабазасында Ми-8 тик учагы кырсыктады. Бул тууралуу «Кыргызаэронавигация» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, тик учак саат 10:55те кырсыктаган. 

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, аба коргонуу күчтөрүнүн тик учагы окуу-машыгуу өткөрүп жатканда, аргасыз конууга мажбур болуп, тик учак жерге катуу түшкөн. Кырсыктан жабыркагандар бар. 

Учурда министрликтин жана аба коргонуу күчтөрүнүн кызмат адамдары окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Учур кырсык болгон жерге милициянын ыкчам-тергөө кеткен.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 8 киши жабыркаган. Каза болгон адам башкы учкуч болгону айтылды.

06:00, 01-01-1970

Комментарийлер

Башка жаңылыктар