Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу графиги бекитилди

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу графиги бекитилди. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

2023-2024-окуу жылына карата абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт. Анда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы сөзсүз түрдө талап кылынат.

График:

I тур – 2023-жылдын 25-30-декабрында;

II тур – 2024-жылдын 8-13-январында;

III тур – 2024-жылдын 15-20-январында;

IV тур – 2024-жылдын 22-27-январында.

Ректорлорго бекитилген графиктин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуу милдеттендирилет. Кабыл алуу жана ЖОЖдор жөнүндө толук маалымат министрликтин сайтына https://2020.edu.gov.kg/vuz жайгаштырылган.

 

09:42, 19-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар