Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло утту
Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында коло утту
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча коло медаль утту.
Тыныбекова коло медаль үчүн күрөштө казакстандык Ирина Кузнецова менен килемге чыкты. Тыныбекова атаандашын утуп (2:1) 3-орунду ээледи.
Кыргызстандык балбан мелдештин 1/8 финалдык баскычынан баштаган. Алгач таиланддык спортчу менен беттешип 14 секунд ичинде атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздаган.
Ал эми чейрек финалда япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди.
Кийин Озаки финалга өткөндүгүнө байланыштуу Айсулуу Тыныбекова жубатуучу беттеште вьетнамдык атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.