2024-жылы Түндүк-Түштүк магистралы аяктайт

2024-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылды жыйынтыктаган жыйында билдирди.

Төрөбаевдин берген маалыматына караганда, кийинки жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде төмөнкү иштер жасалат:

Түндүк-Түштүк магистралы пайдаланууга берилет;

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун оңдоо иштери аяктайт;

Түп – Кеген, Каркыра – Турук – Сары-Жаз, Балыкчы – Бөкөнбаев – Барскоон, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаны-Базар – Кировка, Ош – Баткен – Исфана жолдорун оңдоп-түзөө улантылат;

Корумду – Балбай Баатыр жолун асфальттоо башталат;

Кытай менен үчүнчү кошумча жол – Бедел өткөрмө пункту салынат;

Эркеч-Тамда төрт тилкелүү Достук көпүрөсү ачылат.

Аны менен катар, Каракол тоо лыжа базасына кеткен жолго, Базар-Коргон – Кызыл-Үңкүр жолуна, Сары-Челекке кеткен жолго жаңыча шарттагы жайлар ачылат, жолдору оңдолот.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Балыкчы-Кочкор темир жолунун 20 километри салынат.

Андан тышкары түштүк транспорт коридору аркылуу Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий деңизи багыты аркылуу Азербайжан, Орусия, Түркия мамлекеттерине жана Европага чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.

09:36, 25-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар