Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Матраимовдун бөгөт чарасы бүгүн, 24-октябрда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 26-декабрга чейин камакта калтырылган.

Эскерте кетсек, быйыл жыл башында Райымбек Матраимов издөөгө алынганы белгилүү болгон. Ал 26-мартта УКМК тарабынан Азербайжандан Бишкекке алынып келген.

УКМК Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелип жатканын кабарлаган.

Бирок кийинчерээк 222-берене алынып, анын ордуна 378-берене (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) кошулган.

2021-жылы ал “коррупция” беренеси менен соттолгон.

15:11, 24-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар