Акылбек Жапаров: Инвесторлор үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй болот 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чет өлкөдөн келген инвесторлор үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле сезилээрин билдирди.

“Чет өлкөдөн келген инвесторлор, карапайым калкыбыз, жөнөкөй бизнесмендерибиз үчүн Кыргызстан бейиштин төрүндөй эле болот. Демократия, сөз эркидиги мындан да өркүндөйт. Мындан ары криминал деген түшүнүк болбойт. Ар бир айылдагы мен «чёрныймын» дегендерди эл өзүңөр жана жергиликтүү милиция жогорку бийликке жеткирип турсаңар болду. Калганы биздин ишибиз”,- деп билдирди Акылбек Жапаров.

17:37, 11-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар