УКМК мамлекетке өзгөчө чоң зыян келтирген алтын казган компаниянын мурдагы башкы директорун кармады
Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн “Г. К. М”, “Е. Н. Н”. ЖЧКсынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, ОсОО “Г.К.М.” компаниясынын мурдагы башкы директору “Е.Н.Н.” Корумтор тилкесинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензияны кармоо акысы катары 144 млн 461 миң 322,47 сом өлчөмүндө мамлекеттик төлөм коюлганын билип туруп, мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын жардамы менен бул төлөмдөрдөн качуу схемасын уюштурган.
Бул факт боюнча ОсОО “Г.К.М.” компаниясынын мурдагы башкы директору “Е.Н.Н.” кармалып, Айтматов районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул кылмыш ишинин алкагында жер казуу тармагындагы ушуга окшош фактыларды аныктоо жана тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.