Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыз дагы табылды

Маалыматка караганда, куткаруучулар аны көлдүн Дача тилкесинин жээгинен 500 метр алыс жерден алып чыгышты.

Маалым болгондой буга чейин 6 жаштагы Т.С. аттуу кыздын сөөгү суудан 25-май күнү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Эскерте кетсек, 18-май күнү Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

 

19:56, 28-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар