Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү. 18-февралга карата маалымат
2025-жылдын 18-февралына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 9 миллион куб метрди түзөт. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коому маалымдады.
12-февралдан бери, суу сактагычтагы суунун көлөмү 358 миллион куб метрге азайган. Ошол күнү суунун агып келиши секундасына 191 куб метрди, агып чыгышы секундасына 708 куб метрди түзгөн.
2024-жылдын ушул эле күнүндө Токтогул суу сактагычында 8 миллиард 514 миллион куб метр суу болгон. Суунун агып келиши секундасына 159 куб метрди, агып чыгышы секундасына 732 куб метрди түзгөн.