Зордуктап видеого тартып алышкан. Москвада Кыргызстандын эки жараны кармалды
Москванын Тергөө комитети Кыргызстандын эки жараны зордуктоого шектелип жатканын кабарлады.
Маалыматка караганда кылмыш ушул жылдын 9-июлуна караган түнү Россиянын борбор калаасында болгон.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, кылмышка шектүүлөр мас абалында Мир проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде уктап жаткан тааныш эки кызды зордуктап кетишкен. Шектүүлөрдүн бири кылмышты уюлдук телефондун камерасына тартып алган. Бул уюлдук телефон шектүүлөрдүн жашаган жеринен табылган.
Кармалгандарга Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүгү (адамдардын тобу тарабынан зордуктоо) боюнча айып тагылып, алар камакка алынган.
Ошондой эле шектүүлөр Орусияда мыйзамсыз жүргөнү белгилүү болду. Бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.