Чаткал районунда кар көчкү алдында калды делген алты адам изделүүдө
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү алдында калды делген алты адам изделүүдө. Маалыматты ӨКМ тастыктады.
Билдирүүдө 9-октябрда 14 адам дары чөптүн (эндиктин) тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, алардын сегизи табылган.
"Табылгандар 14-октябрда кар көчкү жүрүп алты адамды басып калганын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ учурда ыкчам топ түздү, издөө иштерине оор техника тартылган.