Бишкекте чоң концерттик зал куруу пландалууда
Бишкекте чоң концерттик зал куруу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маселе министр Мирбек Мамбеталиевдин Түркиянын Стамбул шаарында Маданият боюнча Ага Хан Трастынын башкы директору Луис Монреаль менен жолугушуусунда талкууланды.
Анда министр Бишкек шаарында жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы Республикалык адистештирилген музыкалык мектеп-интернаттын музыкалык корпусунун ордуна курулуучу жаңы концерттик залдын долбоору жана финансылык эсептөөлөрү менен таанышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында КР Маданият министрлиги менен Маданият боюнча Ага Хан Трастынын ортосундагы кол коюлган меморандумдун пункттарын аткаруу белгиленди.
Ошондой эле министр Мамбеталиев EAA архитектуралык агенттигинин штаб-квартирасында архитектор, агенттиктин негиздөөчүсү Эмре Аролат, Луис Монреаль менен бирге жаңы даярдалып жаткан жаңы долбоорлор жана ишке ашырылган Стамбул шаарынын Зинчирликую районундагы Зорлу аткаруучулук искусство борбору менен жеринен таанышты.
Маалымат үчүн: Зорлу борбору эң чоң театралдык комплекс болуп саналып, жалпы аянты 55 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Борбор эки негизги театралдык аянтты, галереяны, бир нече көргөзмө жана VIP залдарды, беш кабат административдик жана сахна бөлмөлөрүн камтыйт.
Бүгүнкү күндө Зорлу борборуна Түркиянын индустрия жана көңүл ачуу жүгүртүүсүнүн 15% туура келет.