Бишкекте курулуш комплексиндеги коммерциялык жай мамлекетке өттү
Бишкекте курулуш комплексиндеги коммерциялык жай мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалымактка караганда, 1996-жылы мэриянын токтому менен "Кайнар" ЖАКга 64 сотых жер пайдаланууга берилген.
"2012-жылы "Кайнардын" жетекчилери муниципалдык кызматкерлер менен келишип жерди мыйзамсыз каттаткан. Кийин 1,4 миллион долларга курулуш компанияга сатышкан. Учурда аталган аймакка "О2 Эко комплекс" турак жай комплекси курулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.
"Кайнардын" жетекчиси Ш.Т.А. турак жай комплексиндеги 373,63 чарчы метрлик коммерциялык жайын мамлекеттин балансына өткөрүп, келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилди.