Бүгүн “Кытай – КР – Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат.
Иш-чара УТРКнын жана социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Түз алып көрсөтүүнүн 12:00до башталат.