Зардалы айылына бара турган жолдорду кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат

Баткендин Зардалы айылына бара турган жолдун Сары-Талаа-Кызыл-Таш бөлүгүндө кеңейтүү (бургулоо, жардыруу) жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Унаа кыймылынын багытын жакшыртуу үчүн белгилер орнотулууда. Жеринде №2 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Октябрдын аягында Мега компаниясы Баткен облусунун Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотту.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Зардалыга ушул жылдын 29-сентябрында барган. Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн.

11:02, 05-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар