Эттин баасын үч ай бою мамлекет көзөмөлдөйт

Бүгүн, 11-августтан тарта, эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин Экономика жана соода министрлигинен билдиришти.

Мындай чара кой жана уй этине болгон баанын негизсиз кымбатташын алдын алуу жана калк үчүн жеткиликтүү баада кармап туруу үчүн киргизилген. Бирок сулп эттин баасы мамлекеттик жөнгө салууга алынган жок.

"Социалдык маанилүү товардын баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт", — деп айтылат маалыматта.

 

11:11, 11-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар