Уурулукка шектелгендер кармалды. Арасында өспүрүм да бар

Белгилүү болгондой, 12-январга караган түнү Савай айыл аймагындагы дүкөнгө белгисиз адамдар кирип, 1 ККМ аппаратын жана 14,9 миң сом уурдап кетишкен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 10-февралда шектүү катары 42 жаштагы М.А. жана 2009-жылы туулган А.Б. аттуу жарандар кармалган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө амалдары учурунда аталган эки шектүү дагы 2 дүкөнгө кирип, уюлдук телефондорду жана азык-түлүктөрдү уурдагандыгы аныкталган. Алдын ала эсеп боюнча, жарандарга келтирилген зыян 52 миң сомду түзгөн.

Учурда тергөө иштери уланууда.

10:42, 12-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар