ИИМ:Орозо башталгандан бери мас абалында унаа айдагандар азайды
ИИМ:Орозо башталгандан бери мас абалында унаа айдагандар азайды
Орозо айынын биринчи жумасында Кыргызстанда мас абалында унаа айдагандар азайды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байгазы Айтикул уулу билдирди.
Акыркы бир жумада Кыргызстан боюнча 23 миң 266 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталып, анын ичинен 108и мас абалында айдоочулар аныкталган.
Жол эрежесин бузуулар 3-марттан 9-мартка чейин, башкача айтканда, Орозо айынын биринчи жумасында катталган.