Чыгаан инсандарды "Ата-Бейитке" жерге берүүгө уруксат берилиши мүмкүн
Өлкөдө чыгаан инсандарды тарыхый-маданий аймактарга көмүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Эске салсак, мындай аймактарга "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси да кирет.
Учурда "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" мыйзам боюнча, тарыхый-маданий маанидеги жайларга сөөктү жерге берүүгө тыюу салынган. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мына ушул мыйзамга өзгөртүү демилгеледи. Ага ылайык, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмерлер, искусствого, адабиятка, илимге, билим берүүгө эмгек сиңирген инсандар, Кыргыз Республикасынын, Советтер Союзунун Баатырлары, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдар каза болгондо тарыхый-маданий мааниге ээ аймактарга жерге берүүгө уруксат берүү сунушталган.