Кыргызстанда 40 туристтик база ачуу пландалууда

2025-жылы Кыргызстанда 40 туристтик база ачуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди.

Иш-чарада туристтик инфраструктураны жакшыртуу, инвестициялык шарттарды түзүү жана жаңы маршруттарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Амангелдиев белгилегендей, туризм — экономикалык өсүштүн жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү бөлүгү. Ал 2025-жылга карата өлкөдө 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландалып жатканын айтты.

База ачуу үчүн 156 локация сунушталган:

Баткен облусу — 7;

Жалал-Абад облусу — 29;

Ысык-Көл облусу — 40;

Нарын облусу — 34;

Ош облусу — 23;

Талас облусу — 10;

Чүй облусу — 13.

“Жергиликтүү эл, инвесторлор менен консультацияларды өткөрүү зарыл. Биз тейлөөнү жакшыртууга, уникалдуу маршруттарды өнүктүрүүгө жана саякаттын бардык этаптарында коопсуздукту камсыздоого тийишпиз", — деди Амангелдиев.

Кеңешмеде "туристтик базалар" долбоорун ишке ашыруу үчүн жол картасы талкууланды. Ага ылайык, ар бир райондо бирден туристтик объект ачуу сунушталууда.

16:36, 11-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар