Ирандан келген анар жана кивиде зыяндуу курттар аныкталды
2024-жылдын 15-январында Ош шаарындагы «Ош терминал» фитосанитардык текшерүү постунда карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда 21,630 тонна Иран Республикасынан импорттолуп келген анардын партиясында комсток курту (Pseudococcus comstocki (Kuwana) карантиндик зыяндуу организми табылган.
Ошондой эле, 2024-жылдын 17-январында 18 тонна кивиден тыт калканчасы (Pseudaulacaspis pentagona (Targioni-Tozzetti) карантиндик зыяндуу организмитабылган, аталган организмдер лабораторияга тапшырылган үлгүлөрдө аныкталган.
Бул жүктөрдүн карантиндик фитосанитардык актысына штамп басылып, сатууга жана колдонууга тыюу салынды.
Азыркы учурда расмий түрдө Иран Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органына Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча билдирүү (нотификация) даярдалып, расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилди.