Россияда кароосуз калган кыргызстандык балдар Бишкекке алып келинди
Бул балдар Москвада туугандары менен жашап келишкен. Ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок калгандыктан, Россия ИИМинин убактылуу кармоочу жайында болушкан.
Өспүрүмдөр алдын алуу жана тарбиялоо иштеринен кийин жакын туугандарына өткөрүлүп берилет.
ИИМ билдиргендей, булардын ичинен төртөө эркек бала, бирөө кыз, 16дан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр.