Түптө өспүрүм өз жанын кыйды

Түптө өспүрүм өз жанын кыйды

Түп айылында өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.Милициянын маалыматы боюнча, 26-февралда Түп РИИБге Түп айылынын 2012-жылы туулган өспүрүм өз үйүнүн жанындагы уй сарайында асынып алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Билдирүү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

“2012-жылы туулган бала 26-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн мал сарайында шпагат жипке асынып каза болгон. Окуя болгон жерден маркумдун жансыз денесин сырткы кароо учурунда, мойнундагы асылган жиптин изинен башка эч кандай жарааттар аныкталган эмес”,— деп айтылат малыматта.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылып жатат.

12:58, 27-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар