Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетке “улуттук” статусу берилди
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине “улуттук” статусу берилди. Бул тууралуу “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяланды.
Аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров 22-мартта кол койгон.
Эми мындан ары окуу жай “Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети” деп аталат.