Ташиев: Райым Матраимовдон 200 млн. доллардай алынат.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев камакта жаткан Райым Матраимовдон 200 миллион доллардай каражат алынарын футбол стадионунун курулуш иштери жүрүп жаткан жерден журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Журналист буга чейин УКМК төрагасы коррупционерлерден бюджетке канча акча түшкөнү ачыкталарын айтканын эске салып, тизме качан жарыяланарын сураган. Ташиев ал улам жаңыланып жатканын белгиледи.

"Мурдагы күнү эле Матраимовдун бир кеңсесин 16 миллион долларга саттык. Ал мамлекеттин бюджетине которулду. 60 миллионго жакын мүлкүн өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Жалпы 200 миллион долларга жакын мүлкүн алышыбыз керек. Ал өзүнө каттап алган мүлктөрдү дагы алабыз", — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы Камчы Көлбаев боюнча да ушундай иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

 

16:50, 05-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар