Бишкекте бир жумада 8 миңден ашык одоно жол эрежесин бузуу катталды
17-23-март күндөрү Бишкек шаарында жол эрежелерин одоно бузган 8730 учур катталган. Бул тууралуу шаардын Кайгуул кызматы кабарлады.
Төмөнкү жол эрежесин бузуулар катталган:
23 айдоочу унааны мас абалында айдаган;
258 айдоочу автоунааны тиешелүү каттоосу жок айдап жүргөн;
198 айдоочу унаа айдоочулук күбөлүгү жок айдаган;
Жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 5456 учур;
72 айдоочу автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан;
990 учурда коопсуздук курларын тагынуу эрежеси бузулган;
Бул эреже бузуулардын натыйжасында 1980 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулган.