“Жол эрежесин бузгандарды видеого тартып жиберип сый акы ал”. Мыйзам долбоору коомдук талкууда

Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарга финансылык жактан дем берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2024-жылдын 31-январынан тартып коомдук талкууга коюлду. 

Мыйзамды демилгелеген Марлен Маматалиев көрсөткөн документке ылайык, ар бир жаран жол эрежесин бузгандарды видеого тартып тиешелүү органга жибере алат жана ага жараша акчалай сый акы төлөнөт. 

Мыйзам долбоордун 6-беренесинде анын өлчөмү жазылган. 

6-берене. Айып пулдардын жана сыйлоонун суммаларын түзүү тартиби

1. Жазып түшүрүү түзүлмөлөрү аркылуу түшүрүлгөн айып пулдарын иш жүзүндө төлөөдөн келип түшкөн акча каражаттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебинде топтолот.

2. Укук бузууларды жасоо үчүн айып пулдарын төлөөдөн келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. 

3. Төлөнгөн айып пулдарынан түшкөн акча каражаттары ай сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар айдын 10-күнүнө чейин төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт: 

1) юридикалык жактарга ар бир төлөнгөн айып пулдун суммасынан 50 %;

2) жеке жактарга ар бир төлөнгөн айып пулдун суммасынан 25 %; 

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүүлүгүнө жараша 50% жана 75%.

4. Жактарга акча каражаттары мобилдик тиркемени каттоодо көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча бөлүштүрүлөт

Алдаба
12:04, 31-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар