Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту
Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалына ээ болду
Ал 68 кг чейинки салмак категориясынын финалында америкалык Эмит Элорго жеңилип калды.
Ошентсе да ал эгемен кыргыз тарыхында Олимпиада оюндарынан катары менен медаль алган алгачкы спортчу болуп калды.
Жуманазарова 1/8 бөлүктө монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда япониялык Нонока Одзакини 8:6 эсебинде жеңип алган. Ал эми жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп 3:1 эсеби менен жеңүүчү болгон.
Бул Мээрим Жуманазарованын Олимпиададагы экинчи медалы. Ал буга чейин Токиодо өткөн оюндардын коло медалын уткан.