Салык кызматы январда 22,5 млрд сом салык жана төлөмдөрдү чогултту

Мамлекеттик салык кызматы январь айында 22 млрд 554 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту.

Январь айына белгиленген план 3 млрд 418,3 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Ал эми 2024-жылдын биринчи айына караганда 6,05 млрд сомго көп.

Ошондой эле Салык кызматы 6 млрд 714,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Ал пландан 814,4 млн сомго көп.

Салыктарды, төлөмдөрдү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошкондо январда жалпы 29 млрд 268,4 млн сом жыйналган.

11:09, 07-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар