Канаданын аэропортунда жүргүнчү ташыган учак кулап, оодарылып калды. (Сүрөт)
Канаданын Торонто аэропортунда жүргүнчү ташыган учак кулап, оодарылып калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Delta airlines авиакомпаниясынын учагы кечээ конуп жаткан маалда кырсыктаган.
Кырсыктан кеминде 18 адам жабыркаганы кабарланды. Жергиликтүү ЖМКлар учак катуу шамалдан улам оодарылып кеткенин божомолдошууда. Өткөн аптанын соңунда Канадада катуу бороон болуп, көптөгөн рейстер токтотулган эле.