Бишкектин кайсыл райондорунда жылуулук жок – тизме

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылууга байланыштуу Бишкектин №7, 8, 6, 11, 12 жана "Асанбай" кичирайондорунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду.

"Электр станциясы" ААКтын филиалы - "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасынан билдиришкендей, саат 15:05ке карата ЖЭБден чыккан түтүктө температура 33 градустан 48 градуска чейин ысык болууда. Ал эми басым Р= 6,6 Атиден 8 Атиге чейин көтөрүлдү.

Компаниянын маалыматына ылайык, Бишкек шаары боюнча жалпысынан 1124 абонентке ысык суу, 363 абонентке жылуулук берүү токтотулган.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

17:14, 02-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар