Никеге турууда жубайлардан медициналык маалым кат талап кылынат
Никеге турууда жубайлардан медициналык маалым кат талап кылынат. Социалдык камсыздоо министрлиги үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясын сунущтады.
Анда үй-бүлө курууга белсенген жубайларды каттоо шарттары өзгөртүлөт:
Расмий катталбай туруп диний жолдор менен (нике кыйып алып) жашоого тыюу салынат. Бул ченемди бузгандар жоопкерчиликке тартылат.
Атасы же апасы жактан жети муун өтө элек туугандар (учурда 3 муун) баш кошо албайт;
Жубайлар бири-бирине ден соолугунун абалы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Ага ВИЧ/СПИД сыяктуу жыныстык жол менен өтүүчү инфекциялар боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы, жуптардын медициналык жактан дал келүүсү камтылат.
Никеге туруучу адамдардын медициналык текшерүүдөн өтүү тартибин Саламаттык сактоо министрлиги белгилейт.
Бир жыныстагы адамдардын баш кошуусуна тыюу салынат.
Көзөмөлчү жана камкорчулукка алынгандар бүлө кура албайт.
Соттолуп экөө тең абакта жазасын өтөп жаткан мезгилде никеге турууга жол берилбейт.
Жаштар саясатын тескеген орган түгөйлөрдү үй-бүлөлүк турмушка даярдайт. Анын жол-жобосун өкмөт аныктайт.