Кыргызстанда Тунгуч онлайн-мектебин түзүү боюнча токтом кабыл алынды

Кыргызстанда Тунгуч онлайн-мектебин түзүү боюнча токтом кабыл алынды. Ага өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 18-мартта кол койгон. Бул тууралуу Эркин-Тоо гезитине жарыяланды.

Токтомго ылайык, онлайн-мектеп 2025-2028-жылдар аралыгында пилоттук негизде иштейт.

Маалыматта айтылгандай, Тунгучонлайн-мектеби мамлекеттик каттоого алынат жана мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Онлайн-мектеп окуучулардын географиялык, социалдык же физикалык чектөөлөрүнө карабастан, аларга бирдей окуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында түзүлдү.

17:34, 25-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар