Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат

8-апрелде суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Суу төмөнкү көчөлөр менен кездешкен аймакта өчүрүлөт:

Ала-Арча суусу — темир жол —  Жибек-Жолу пр. — Ж. Гвардия бульвары;

Ж. Гвардия бульвары — темир жол – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси;

Д. Сяопин проспектиси — Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев – Кулиев – Москва – Фучик – Казаков көчөлөрү;

"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын эскертет.

10:03, 07-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар