Баткен: сел каптаган Ак-Татыр айылынан 100дөй тургун эвакуацияланды

Селден улам Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинин 100дөн ашуун тургуну коңшу айылга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 10-июлдун кечинде билдирди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, жеринде 50дөн ашуун куткаруучу иш алып барууда.
Эвакуациялангандардын арасында 40 бала бар.

Буга чейин Лейлек районунун Катраң, Лейлек айыл аймактарында жааган жаандан Катраң-Өзгөрүш автожолуна сел суулары келип, каттам убактылуу токтогону кабарланган.

Ак-Терек айылындагы сел өткөрүүчү сайынан сел суулары түшүп, Раззаков-Баткен жолун суу каптаган. Машинелерге каттам ачык.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда быйыл жалпысынан 236 сел жүрүп, андан 17 адам көз жумган. Он чактысы балдар. Селдин чыгымы 170 миллион сомдон ашкан.

 

 

09:17, 11-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар